super.kg logo

"75чилердин каты": Сот эмне үчүн айыпталуучуларга пробация колдонгонун түшүндүрдү

 

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту "75чилердин каты" боюнча кылмыш ишинин алкагында айыпталган сегиз адамга эмне үчүн пробациялык көзөмөл чарасы колдонулганын түшүндүрдү.

Эске салсак, сот бийликти күч менен басып алууга даярдануу иши боюнча өкүм чыгарып, сегиз айыпталуучунун ар бирине мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратуу жазасын белгилеген. Бирок бул жаза 3 жылдык пробациялык көзөмөл менен алмаштырылган.

Соттун маалыматына ылайык, кылмыш аягына чейин жеткирилген эмес жана даярдык баскычында эле токтотулган. Ушуга байланыштуу сот айыпталуучуларды эркинен ажыратпай эле оңдоого болот деген бүтүмгө келип, аларга пробациялык көзөмөл колдонуу чечимин кабыл алгандыгын түшүндүрдү.

Ошондой эле сот пробация кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу эмес, мыйзамда каралган көзөмөл чарасы экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-июлда Биринчи Май райондук соту аталган иш боюнча өкүм чыгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: