Тегеран убактылуу аба мейкиндигин жабат
Иран бийлиги каза болгон өлкө лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты маалында Тегеранда убактылуу аба мейкиндигин жабат. Бул боюнча Mehr агенттиги жарандык авиация кызматынын жетекчиси Хоссейн Пурфарзанеге таянып жазды.
Анын айтымында, аба мейкиндигиндеги бул чектөө 6-июлда күчүндө болот. Ошондой эле бул күнү Имам Хомейни жана Мехрабад аэропортторун жабуу пландалууда.
Эске салсак, Али Хаменеи АКШ менен Израилдин Иранга жасаган аскердик операциясында каза болгон. Анын сөөгүн жерге берүү аземи өлкөдөгү аскердик жаңжалга байланыштуу жылдырылып келген. Бул тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгондон киийн ишке ашып жатат. Тиешелүү документке Иран менен АКШ 18-июнда кол койгон.

Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты 3-июлда башталды. Анын сөөгү туулган шаары Мешхед шаарында жерге берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















