Эмгек министрлиги менен Швейцария кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) иш менен камсыз кылуу, кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү багытындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун учурдагы жыйынтыктары каралып, эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоо, кесиптик окутуу системасын өркүндөтүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча келечектеги пландар сөз болду.
Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов заман талабына ылайык көндүмдөрдү өнүктүрүү туруктуу экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири экенин белгилеп, Швейцария тарапка реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Учурда өлкө аймактарында «Көндүмдөр кербени» иш-чаралары өткөрүлүп, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтары менен формалдуу эмес билим берүү уюмдарынын кызматташуусу күчөтүлүүдө. Мындан тышкары санариптик кесиптер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, жарандарды кесиптик багыттоо жана карьералык колдоо системасы өнүктүрүлүүдө.
Тараптар ошондой эле кесиптик окутууну ваучердик каржылоо системасын пилоттук негизде киргизүү, жумушсуздарды кыска мөөнөттүү окутуу программаларын кеңейтүү, жаштар үчүн стажировкаларды өнүктүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында эки тарап адамдык капиталды өнүктүрүү, жумушчу күчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын татыктуу жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















