ӨКМ министри Кочкордогу селден жабыркаган аймактарды кыдырды (видео)
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусунун Кочкор районуна барып, селден жабыркаган аймактардагы кырдаал менен жеринен таанышты.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, ал авариялык-калыбына келтирүү иштерин текшерип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге биринчи кезектеги чараларды талкуулады. Ал Көл-Үкөк жайлоосуна баруучу сел агызып кеткен көпүрөнү мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле Кара-Күнгөй айылындагы дамбаны бекемдеп, селдин алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Эске салсак, 1-июлда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Кочкор районунда сел жүрүп, бир нече айылдагы жолдорду, турак жайларды жана инфраструктуралык объектилерди каптаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:45
2026-07-02
14:55
2026-06-25
13:41
2026-06-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















