Ливандын президенти Израилге өз өлкөсүн бербей турганына ишендирди
Ливандын президенти Жозеф Аун жума күнү Израил менен түзгөн келишимдери өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузбай турганына ишендирди.
Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, ал телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө "жетишилген келишим Ливандагы Израилдин оккупациясын улантууну мыйзамдаштырбайт" деп баса белгилеген.
"Биздин жалпы максатыбыз – Израил аскерлеринин чыгып кетишин камсыз кылуу", - деп кошумчалаган ал.
Израил менен Ливан 26-июнда Вашингтондо АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн алкактык келишимге кол коюшкан. Документ согуштук аракеттерди токтотууну көздөйт. Анда Израилдин аскерлери Ливандын Хезболла кыймылын куралсыздандыргандан кийин түштүк Ливанда түзгөн коопсуздук аймагынан чыгып кетери белгиленген.
Акыркы айларда Ливандагы жаңжал Израил менен Хезболланын ортосунда болгон. Ливандын аскерлери катышкан эмес. Хезболланын лидерлери өз кезегинде Израил-Ливан келишиминде көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга даяр экенин билдиришкен жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















