super.kg logo

Ноокенде мас айдоочу 71 жаштагы кишини өлтүрө сүздү

 
Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Бишкек–Ош унаа жолунун Кызыл-Туу айыл аймагында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Окуя 1-июлда болгон. Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун четинде велосипед менен бара жаткан 71 жаштагы жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Издөө иштеринин натыйжасында айдоочу кармалып, текшерүүдө ал мурда соттун чечими менен 1 жылга айдоочулук укугунан ажыратылганы такталды. Ошондой эле айдоочу жол кырсыгы болгон учурда мас абалда болгону аныкталган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 2 айга камакка алынды.





Ноокенде мас айдоочу 71 жаштагы кишини өлтүрө сүздү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: