Али Хаменеини акыркы сапарга узатууга уулу катыша албай жатканы айтылды
Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи жогорку кызматтагыларга атасы Али Хаменеинин акыркы сапарга узатуу зыйнатына жана 9-июлга белгиленген сөөк коюу аземине катышууну каалаарын билдирген.
Муну Ислам революциясынын гвардия корпусунун эки кызматкери, ошондой эле сөөк коюуну уюштурууга катышкан бир адам The New York Times гезитине билдиришкен.
Бирок булактар коопсуздук кызматкерлери бул идеяны четке кагып, Израил жаш Хаменеини өлтүрүүгө аракет кылат деп кооптонуп жатышканын айтышкан.
Айта кетсек, маркум лидерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-июлдан 9-июлга чейин уланат.
Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган аба соккуларында каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















