Египетте IV кылымдагы Византия шаары табылды
Археологдор Египеттин батыш чөлүндө жакшы сакталган Византия доорундагы шаарды табышканын чет элдик басылмалар жазышты.
Дахладагы казуу иштеринин жүрүшүндө IV кылымдагы турак жай имараттары, көчөлөр, аянттар, күзөт мунаралары, чептүү имарат, күмбөздүү чатырлуу үйлөр, нан бышыруучу мештер жана тегирмен таштары табылган. Археологдор ошондой эле нан бышыруучу мештерди, ашкана идиштерин, дан майдалоочу шаймандарды, Рим императору Констанций IIнин башкаруу мезгилине таандык коло жана алтын тыйындарды, ошондой эле соода бүтүмдөрүн чагылдырган жазуулары бар 200гө жакын керамикалык сыныктарды табышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















