Конгодо эбола вирусун дарылоо изилдене баштады
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конгодо эбола вирусунун сейрек кездешүүчү Бундибугио штаммын жуктуруп алган бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларын клиникалык жактан изилдей баштады.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, бейтаптарга антителолордон турган эксперименталдык коктейль жана COVID-19ду дарылоодо колдонулган ремдесивир вируска каршы препараты айкалыштырып берилүүдө.
Айта кетсек, азыркы учурда Бундибугио штаммына каршы бекитилген вакцина же атайын дарылоо ыкмасы жок.

Учурда оорунун жайылышы Конгодо жана коңшу Угандадагы дээрлик 1600 адамды камтып, алардын 500дөн ашууну каза болду. Бул аталган штаммдан улам катталган тарыхтагы эң ири эпидемия болуп саналат.
Конгонун коомдук саламаттык сактоо боюнча улуттук институтунун маалыматына ылайык, оорунун жайылышын токтотуу аракеттери кыйынчылыктарга туш болууда. Жергиликтүү тургундар медициналык топторго жана ооруканаларга кол салып, мүлктөрдү талкалаган учурлар болууда.
Өткөн дем алышта Түндүк Киву провинциясында инфекциянын алдын алуу боюнча топко кол салуу болуп, алардын унаасы ташбараңга алынган. Ага чейин жергиликтүү тургундар бир нече медициналык борборду өрттөп жиберишкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















