Кеминде 76 жаштагы жаранды алдап акчасын алган шектүү кармалды
Чүй облусунун Кемин районунда улгайган жаранды алдап акчасын алып кеткен шектүү кармалды.Облус милициясы маалымдагандай, эки аял 76 жаштагы жарандын үйүнө кирип, ишенимине кирүү жолу менен 120 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган Т.С. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана башка тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















