Атамбаевдин мурдагы күзөтчүсү Дамир Мусакеев абактан бошотулду
Өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жеке күзөтчүсү болгон Дамир Мусакеевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каты менен абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу чечим 9-июлда кабыл алынды.
Эскерте кетсек, Дамир Мусакеев мурда мыйзамсыз баюу жана кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүүгө байланыштуу айыпталып, кийин анын иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Буга чейин ал №1 тергөө абагында кармалып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:57
2026-07-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















