super.kg logo

"75чилердин" каты: Соттолуучулардын мамлекетке алына турган мүлктөрү

 

2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган.

Аталган иште айыпталып жаткан 8 адам, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылышкан. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилген.

Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышкан. Сот аларды "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо боюнча да чечим кабыл алган.

Өкүмдө Талгарбековдун Бишкектеги батири, BMW X5 үлгүсундөгү унаасы, Карашовдун Бишкектеги батири, Дыйканбаевдин Ысык-Көлдүн Балбай айылындагы 2 жер тилкеси, Leopard 3 үлгүсүндөгү унаасы мамлекетке алынганы жазылган. Ошондой эле Зулушевдин Оштун Мырза-Аке айылындагы үйүн камактан чыгаруу чечими айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: