super.kg logo

Испанияда токой өртүнөн кийин 19 адам дайынсыз болууда

 

Испанияда токой өртүнөн кийин кеминде 19 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Андалусия өкмөт башчысы Хуан Мануэль Морено Бонильяга таянып AFP маалымат агенттиги билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан 11 адам каза болгон. Дагы 4 адам олуттуу жаракат алып, ооруканада дарыланууда.

"Каза болгондордун арасында 4 киши бир унаада болушкан",- деген ал.

Айта кетсек, токой өртү Альмерия провинциясындагы Бедар кыштагында чыккан. Аймактагы бийлик жолду жаап, жергиликтүү тургундарды эвакуация кылышкан. Өрттү өчүрүү иштери улантылууда.

Эске салсак, быйыл Европада, анын ичинде Испанияда аптаптуу аба ырайы өкүм сүрүп, абанын табы +40 градуска чейин жетүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: