ЖАМК Элдар Жакыпбеков соцтармактарга билдирүү жарыялап жатат деген маалыматты төгүндөдү
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагы Элдар Жакыпбеков социалдык тармактарга билдирүү жарыялап жатат деген маалыматты төгүндөдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, ал учурда №21 тергөө абагында кармалууда жана башка камактагылар менен бир камерада отурат. Ага эч кандай өзгөчө шарт же артыкчылык берилген эмес.
Ошондой эле ЖАМК тергөө абагында кармалгандарга уюлдук телефон, интернет жана социалдык тармактарды колдонууга мыйзам боюнча тыюу салынарын эскертти.
Буга чейин социалдык тармактарда УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун атынан ачылган аккаунттан билдирүү жарыяланган болчу. Бирок ал Жакыпбеков кызматтан бошоп, кармалгандан кийин ачылганы айтылууда.
Эске салсак, Жакыпбеков февраль айында жемкорлукка шектелип кармалган. Тагыраагы, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин кармалды. Ал Эду деген каймана ат менен белгилүү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















