Иран Ормуз кысыгын жабылганын жарыялады
Ирандын Ислам сакчылар корпусу (КСИР) Ормуз кысыгы убактылуу жабылганын билдирди.
Иран телеканалынын маалыматына ылайык, кысык аркылуу кемелердин өтүшүнө кийинки буйрукка чейин уруксат берилбейт.
Ошондой эле КСИР Ормуз кысыгы аркылуу уруксатсыз өтүүгө аракет кылган кеме боюнча сокку урулганын билдирди. Иран тарап мындай аракеттерди аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү.
КСИР эгер Иранга каршы жаңы чабуулдар болсо, Жакынкы Чыгыштагы каршылаш күчтөрдүн аскердик объектилерине жооп кайтарыла турганын эскертти.
Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуу жолдорунун бири болуп саналат. Анын жабылышы эл аралык соодага жана энергетикалык рынокко таасир этиши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















