ЖАМК Аскат Жетигендин абалы тууралуу маалымат берди
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ырчы Аскат Жетигендин абакта тамак-аш жана ден соолугу боюнча айткан билдирүүлөрүнө комментарий берди.
Буга чейин укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова ырчынын абалы тууралуу жазган катын социалдык тармакка жарыялаган.
"Убакыт азайган сайын күндүн өтүшү жайлап жаткандай сезилет. Негизинен абалым жакшы болгону менен, ден соолугум начарлап жатат. Балким, күндүн ысыгынан, балким, тамактын аздыгынан же алсыздыгымдан. Сууктап ичим жана башым көп ооручу болду", – деп жазылган катта.
ЖАМКнын маалыматына ылайык, Аскат Жетиген 2-мартта медициналык кароодон өткөн жана ошол учурда ден соолугу боюнча арызданган эмес. Ошондой эле ал медициналык бөлүмгө абалы начарлаганы тууралуу кайрылбаганы айтылды.
Мекеме соттолгондор күн сайын үч маал ысык тамак менен камсыздаларын жана тамак-аштын сапаты көзөмөлдөнүп турарын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















