Бычак көтөрүп жүргөн өспүрүм кыз боюнча текшерүү жүрүүдө
Социалдык тармактарда Ак-Ордо конушунда бычакка окшош буюм көтөрүп жүргөн жашы жете элек кыздын видеосу тарагандан кийин бул факты Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө видеодогу кыздын өздүгү аныкталып, ал 2010-жылы туулган өспүрүм экени белгилүү болду. Ал зарыл болгон процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ленин РИИБге жеткирилди.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат. Алгачкы текшерүү иштери аяктагандан кийин жашы жете элек кыз ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилет. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
Өсүрүм кыздын окуясы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















