Конор Макгрегор 65 секундда жеңилген беттешинде миллиондогон акча тапты
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 329 мелдешинде америкалык Макс Холлоуэйге каршы 65 секундга созулган беттеши үчүн кеминде 15 миллион доллар тапты.
2021-жылдан бери биринчи жолу октагонго чыккан Макгрегор тизесинен алган жаракатынан улам биринчи раундда техникалык нокаут менен утулуп калды.
SalaryLeaks'тин маалыматы боюнча, Макгрегор Холлоуэй менен болгон беттеши үчүн 32 миллион долларга чейин (кепилденген 15 миллион доллар), ал эми америкалык мушкер 5 миллион долларга чейин (кепилденген 3 миллион доллар) акча таба алмак.
UFC'нин эки дивизиондогу мурдагы чемпиону Макгрегордун MMA боюнча 22-7 көрсөткүчү бар. Ал акыркы беш беттешинин төртөөндө утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















