super.kg logo

Зеленский Урсула фон дер Ляйенге Европа орденин тапшырды

 

Бүгүн, 15-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге келген Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге Европа орденин тапшырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Ляйендин Украинага жаңжал башталгандан берки 11-сапарынын алкагында өттү. Документте айтылгандай, Европа ордени Украинанын стратегиялык багытын колдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилет.

Урсула фон дер Ляйен Киевге Евробиримдик менен Украинанын аскердик өнөр жайын интеграциялоо боюнча жаңы демилгелерди талкуулоо, ошондой эле кышка даярдык жана өлкөнүн ЕБге кошулуу жолундагы кадамдарды сүйлөшүү үчүн барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: