Муфтий Абдулазиз Закиров Катар эмирине көңүл айтты
Муфтий Абдулазиз Закиров Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Таниге мурдагы эмир шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты."Маркум шейх Хамад бин Халифа Аль Тани Катар мамлекетинин өнүгүп-өсүшүнө, ислам дүйнөсүндөгү ынтымактын бекемделишине жана эл аралык деңгээлдеги аброюнун жогорулашына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары эсте калат. Анын даанышман жетекчилиги, элине болгон камкордугу жана кайрымдуулук иштери көпчүлүк үчүн үлгү болуп кала берет.
Кыргызстан мусулмандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, Аль Танинин үй-бүлөсүнө жана жалпы боордош катар элине терең көңүл айтып, аза кайгыңызды тең бөлүшөм",- деген муфтий.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















