Шыбакчы жигиттин үнү көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Ильхам аттуу жигит дубалды шыбап жаткан учурда көрүүчүлөрдүн көңүлүн жумушу менен эмес, үнү менен бурду. Ал оңдоо иштерин жасап жатып, америкалык ырчы Akon'дун "Lonely" аттуу хит ырын аткарып, көпчүлүктү таң калтырды.
Видеону көргөндөр анын үнүнө жана англис тилинде эркин ырдап жатканына суктанып, "чыныгы талант, болгону мүмкүнчүлүк жетишпей калган" деген сыяктуу пикирлерди жазышууда. Айрымдар тамаша иретинде "мындай англис тили менен IELTS 9.0 алса керек" деп белгилешкен.
Көпчүлүк болсо жигиттин мындай таланты көбүрөөк аудиторияга жетүүгө татыктуу экенин айтышууда.
Шыбакчы жигиттин үнү көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:05
2026-07-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















