АКШ: Экс-башкы инфекционист COVID-19 боюнча Сенатта суроолорго жооп берүүдөн баш тартты
АКШнын Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун мурдагы директору Энтони Фаучи COVID-19 пандемиясына байланыштуу АКШ Сенатындагы угууда көрсөтмө берүүдөн баш тартты.
Сенаттын Улуттук коопсуздук комитетинин жыйынында Фаучи адвокатынын кеңеши менен АКШ Конституциясынын Бешинчи түзөтүүсүнө таянып, суроолорго жооп бербей турганын билдирди. Бул түзөтүү адамга өзүнө каршы колдонулушу мүмкүн болгон маалыматтарды берүүдөн баш тартууга укук берет.
Сенатор Рэнд Пол Фаучинин жооп берүүдөн баш тартуусу үчүн тиешелүү чаралар караларын айтты. Анын айтымында, Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу мыйзам бузуу болуп саналат.
Фаучи сенатор Жош Хоулинин жөнөкөй суроолоруна да жооп берүүдөн баш тартты. Ал жуманын кайсы күнү экенин, тагынган галстугунун түсүн жана алдындагы килемдин түсүн айтуудан да баш тартып, өзүнө каршы көрсөтмө бербөө укугун колдонду.
Сенаттагы бул угуу АКШда COVID-19 пандемиясынын келип чыгышы, бийликтин эпидемия учурундагы чечимдери жана Фаучинин ролу тууралуу талаш-тартыштар уланып жаткан учурда өтүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















