super.kg logo

Жубайы Жибекти атып өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Бишкекте Жибек Урустемованы атып өлтүргөн жолдошу У.Б.га сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун 10-июлдагы өкүмү менен айыпталуучу У.Б. (жолдошу) Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Ошондой эле мүлкү конфискацияланды.

Мындан тышкары, ал Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Уруп-сабап кыйноо) боюнча дагы күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы дайындалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде дайындалган жазалар жарым-жартылай кошулуп, акыркы жаза катары У.Б. өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыгарылды. Ошондой эле соттун чечими менен жабырлануучу У.Б.нын (2006-жылдын 12-сентябрында туулган) пайдасына моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 1 миллион сом өндүрүлдү.

Айта кетсек, өткөн жылы декабрда Бишкектеги батирлердин биринде жолдошу аялын тапанча менен атып өлтүргөн окуя катталган. Шектүү дароо кармалган. Ал 48 жаштагы маркумдун мурунку жолдошу, мурун укук коргоо органдарында иштеген жаран болуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: