Тунисте аномалдуу ысыктан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурады
Тунистеги аптаптуу ысык өлкө боюнча электр энергиясынын массалык түрдө өчүшүнө алып келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда.
Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы Тунистин бир катар райондорунда катталган. Айрым аймактарда электр энергиясы жок болгондуктан жол чырактар иштебей калган.
Күбөлөрдүн айтымында, Тунистин мамлекеттик электр жана газ компаниясы STEG'дин борбор калаадагы кеңселеринин биринин алдына ондогон жарандар чогулуп, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына нааразылыгын билдиришкен. Алардын айтымында, мындай өчүрүүлөр чакан бизнеске олуттуу чыгым алып келүүдө.
Тунисте катуу ысыктын толкуну 10-июлда башталган. Өткөн дем алыш күндөрү абанын температурасы +45, +46 градуска чейин көтөрүлүп, сезондук нормадан 6-10 градуска жогору болгон. Бийлик өкүлдөрү электр энергиясын кезектештирип өчүрүү режимин киргизишкен.
Экинчи ысык толкунунун фонунда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жетип, массалык өчүрүүлөргө себеп болгон. Маалыматка ылайык, электр энергиясына болгон суроо-талап кадимки көрсөткүчтөн 30 пайыздан ашык жогорулаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















