super.kg logo

Кадимки хаскиге окшош түлкүнү көрдүңүз беле?

 

Таанышып алыңыз, бул канадалык мрамор түлкүсү - кызыл түлкүнүн селекция жолу менен алынган өңүнүн бир түрү. Ал жапайы жаратылышта кездешпейт жана алгач Канадада өстүрүлгөн.

Ал ак, боз жана кара түстөр айкалышкан өзгөчө өңү менен айырмаланып, cырткы көрүнүшү айрымдарга хаскини элестет. Генетикалык негизин кадимки кызыл түлкү түзгөндүктөн, суукка жакшы чыдайт.

Мрамор түлкүсү өтө шамдагай жана угуу жөндөмү күчтүү, ар кандай үндөрдү чыгара алат. Экзотикалык үй жаныбары катары багылгандыктан, анын жүрүм-турумунда ит менен мышыкка мүнөздүү белгилер да байкалат.

Үлпүлдөк куйругу жана кооз өңүнүн аркасында ал социалдык тармактарда кеңири тараган. Бирок интернеттеги "мрамор түлкү" деп жарыяланган сүрөттөрдүн баары эле чыныгы эмес. Айрымдары жасалма интеллект аркылуу түзүлгөн же сүрөттөрү оңдолгон. Ошондуктан мындай сүрөттөрдүн булагын текшерип көрүү маанилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: