Индияда фермерлер АКШ менен соода келишимине каршы жүрүшкө чыгышты
Индиянын түндүгүндөгү бир катар штаттардын фермерлери АКШ менен түзүлүшү мүмкүн болгон соода келишимине каршы нааразычылык билдирип, Нью-Дели шаарын көздөй жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу The Times of India басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Пенжаб, Харьяна, Раджастхан жана Химачал-Прадеш штаттарынын фермерлери сунушталып жаткан келишим америкалык арзан айыл чарба продукциясынын Индияга көбүрөөк киришине шарт түзүп, жергиликтүү дыйкандарга терс таасирин тийгизет деп кооптонушууда.
Буга байланыштуу борбор калаага алып баруучу жолдордо коопсуздук чаралары күчөтүлүп, тосмолор орнотулду. Социалдык тармактарда трактор менен жана салттуу куралдарды көтөрүп бара жаткан фермерлердин сүрөт, видеолору тарады.
Ал эми Индиянын өкмөтү өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызыкчылыктардан баш тартпай турганын билдирди. Соода министри Пиюш Гоял мүмкүн болгон келишим эки тарап үчүн тең пайдалуу жана тең салмактуу болорун белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















