super.kg logo

Луврдагы тонолгон Аполлон галереясы кайрадан зыяратчылар үчүн ачылды

 

Франциядагы Лувр музейи өткөн жылы тонолгон Аполлон галереясын кайрадан зыяратчылар үчүн ачты.

2025-жылдын октябрь айында кылмышкерлер күндүз музейге кирип, француз ханышалары менен императрицаларына таандык тогуз зер буюмду – таажыларды, сөйкөлөрдү, мончокторду жана брошторду уурдап кетишкен. Алдын ала эсеп боюнча келтирилген чыгым 88 миллион еврону түзгөн.

Окуя боюнча бир нече адам кармалып, алардын бешөөнө айып тагылган. Бирок уурдалган зер буюмдар азыркыга чейин табыла элек.

Музейдин маалыматына ылайык, галереядагы баалуу экспонаттар убактылуу чыгарылып, эми келгендер дубалдагы сүрөттөрдү жана айкелдик жасалгаларды толук көрө алышат. Ошентип, Аполлон галереясы XVII кылымдагы баштапкы максатына ылайык өз алдынча көркөм чыгарма катары сунушталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: