super.kg logo

Бишкекте кытайлык жумушчуларга мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Бишкек шаардык милициясы чет өлкөлүк жарандар арасында профилактикалык иштерди күчөттү. Бул жолу түшүндүрүү иштери Кытайдын жарандары эмгектенген 12 курулуш компаниясында өткөрүлдү.

ИИББдин кызматкерлери чет элдик жумушчуларга Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын, коомдук тартипти сактоо талаптарын жана коомдук жайлардагы жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүштү. Ошондой эле кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын жана үрп-адаттарын урматтоо зарылдыгы белгиленди.

Милиция өкүлдөрү коомдук тартипти бузуу, мушташтарга катышуу жана башка мыйзамсыз аракеттер жоопкерчиликке алып келерин эскертишти. Мыйзам талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандарга айып пул салынып, өлкөдө болуу мөөнөтү кыскартылышы же Кыргызстандан чыгарылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган жарандарга «Жашыл коридор» акциясынын алкагында өздөрүнүн укуктук макамын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: