АКШ дагы бир өлкөгө аскердик операция жасашы мүмкүнбү?
Бүгүн, 23-июлда АКШнын администрациясы Малиде "Жамаат Нусрат аль- Ислам валь- Муслимин" тобуна каршы аскердик операция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, операциянын максаты - "Аль-Каида" менен байланышы бар деп эсептелип, АКШ тарабынан террордук уюм катары саналган топко каршы күрөш. Топ Малиде жана Батыш Африканын айрым аймактарында бир катар куралдуу кол салууларга катышканы айтылып келет. Бирок АКШнын жогорку кызмат адамдарынын арасында бул маселе боюнча азырынча бирдиктүү пикир жок экени айтылууда.
Ошол эле учурда мындай операцияны АКШ президентинин жардамчысынын орун басары Себастьян Горка колдоп жатканы белгиленген.
Мали акыркы жылдары куралдуу топтордун жана туарег козголоңчуларынын чабуулдарына байма-бай кабылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















