super.kg logo

Ысык-Көлдөн жарым жылда 50 миң метрден ашуун эски торлор чыгарылды (видео)

 

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашуун эски синтетикалык балык уулоочу торлорду чыгарды. Бул тууралуу министрликтин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бул көрсөткүч бир жыл ичинде 47 миң 500 метрди түзгөн. Мындан сырткары, быйыл көлдө балыктардын саны көбөйүп, алардын көлөмү да чоңойгону байкалган.

Ошол эле учурда министрлик жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарган. Таштандылардын арасында гантель, гиря, унаалардын дөңгөлөктөрү, амортизаторлор жана башка буюмдар болгон.
"Көлдөн чыгарылган бардык таштандылар топтолуп, Бишкек шаарындагы таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, ошол жерден жок кылынат",- деп кошумчалады Тентимишев.






Ысык-Көлдөн жарым жылда 50 миң метрден ашуун эски торлор чыгарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: