9 жылдан бери суу жок: Таластагы айылдын тургуну президентке кайрылды
Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда алардын суроолоруна жооп берди.
Жолугушууда Айтматов районунун Үч-Булак айлынын тургуну 2017-жылы айылга таза суу киргизүү үчүн 18 миллион сом бөлүнгөнүн, бирок 6 миллион сомго гана жумуш аткарылып, бүгүнкү күнгө чейин эл суу менен камсыз болбогонун айтты.
Анын маалыматына караганда, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Айтматов райондук соту иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу аны кыскарткан.
Маселени уккан мамлекет башчысы тиешелүү органдарга бул жагдайды териштирип чыгууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:22
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















