Бишкектик Михаил Хегай Азия чемпиондугунун коло байге ээси болду
Бишкектеги "Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Михаил Хегай Азия чемпиондугунун коло байге ээси болду. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, 17-21-июль күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында суу спортунун түрлөрү боюнча Азия биринчилиги өткөн. Эл аралык мелдешке Азиянын 33 өлкөсүнөн 670 спортчу катышкан.
Михаил Хегай 400 метр аралыкка эркин сүзүүдө коло медаль жеңип алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















