Дүйнө чемпиону болгон Испаниянын 2 футболчусу шаар бийлигинен помидор белекке алды (видео)
Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары Фабиан Руис менен Гави 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугундагы жеңишинен кийин өзгөчө белекке ээ болушту.
Футболчулар туулуп-өскөн Лос-Паласьос-и-Вильяфранка шаарына кайтып келишкенде, жергиликтүү салт боюнча аларга өздөрүнүн салмагына барабар көлөмдө помидор тапшырылды. Шаар бийлиги тарабынан Гавиге 68,5 килограмм, ал эми Фабиан Руиске 84,5 килограмм помидор белек кылынды.
Салтанатка ушул эле шаардан чыккан дагы бир дүйнө чемпиону Хесус Навас да катышып, футболчулар күйөрмандар менен жолугушуп, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Мындай салт буга чейин да болуп, Испания 2024-жылы Европа чемпиондугун жеңгенден кийин да Хесус Навас менен Фабиан Руиске салмагына жараша помидор белекке берилген.
Дүйнө чемпиону болгон Испаниянын 2 футболчусу шаар бийлигинен помидор белекке алды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















