super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы Азия оюндарында А тайпасында ойнойт

 
Бүгүн, 23-июль күнү футбол боюнча XX жайкы Азия оюндарындагы таймаштардын чүчү кулагы өтүп, Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын атаандаштары белгилүү болду.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы А тайпасында орун алып, Япония, Таиланд жана Гонконг курамалары менен беттешет. Мелдешке жалпысынан 15 олимпиадалык курама команда катышып, алар төрт тайпага бөлүштүрүлдү.
- В тайпасы: Кытай, БАЭ, Иран жана КЭДР;
- С тайпасы: Вьетнам, Өзбекстан, Филиппин жана Кувейт;
- D тайпасы: Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Катар.
Эскерте кетсек, XX жайкы Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Япониянын Нагоя шаарында жана Айти префектурасында өтөт. Азия оюндарынын программасына 41 спорттун түрү, 68 дисциплина кирип, 460 медаль топтому ойнотулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: