Иран, Кытай, Орусиянын тышкы иштер министрлери баштаган топ Чолпон-Атага чогулду
Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу мамлект башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын төрагалыгы ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгон юбилейлик жылга туш келгенин белгилеп, Уюмдун тең укуктуу диалог жүргүзүү жана чечимдерди биргелешип издөө үчүн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи. Ошондой эле региондук антитеррордук түзүмдүн базасында коопсуздукка байланыштуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду, анын ичинде Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүүнү тездетүүгө чакырып, муну Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кошкон маанилүү салымы деп атады.
Президент эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун ролуна өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы чоң жоопкерчилик экенин белгиледи. Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук маршруттарды өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо зарылдыгына көңүл бурду.
Өз кезегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын маанилүүлүгүн, Уюмдун артыкчылыктуу багыттарын жана биргелешкен аракеттерди белгилеп өттү.
Жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков, Индиянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кирти Вардхан Сингх, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, Пакистандын премьер-министринин орун басары Мухаммад Исхак Дар, Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















