Өкмөт күйүүчү майдын баасын кармап турууга аракеттенүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал Биринчи радиодо маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны турукташтыруу боюнча чараларды көрбөсө, өлкөдө бензиндин баасы литрине 140 сомдон ашмак.
Учурда өкмөт мунай сатуучулар менен биргеликте баанын кескин өсүшүнө жана күйүүчү май тартыштыгына жол бербөө үчүн баа айырмасын субсидиялап жатканын белгиледи. Бирок күйүүчү майдын кымбатташын бюджеттин эсебинен толугу менен жабуу мүмкүн эмес экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















