Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны 69 жашка толушу менен куттуктады.
Мамлекет башчысы Мирзиёевге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, күч-кубат жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле анын жетекчилиги алдында Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык реформаларды жогору баалап, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров 21-июлда Бишкекте өткөн "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы өзбек диаспорасы катышканын айтты.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелер мындан ары да ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө кызмат кыларын белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгү жаңы долбоорлор жана демилгелер менен кеңейип, ийгиликтүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















