Лавров ШКУдагы өнөктөш жана байкоочу өлкөлөрдүн макамы бирдей болорун билдирди (видео)
Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай кызматташтык уюмунун алдыдагы саммитинде диалог боюнча өнөктөш жана байкоочу макамдарын бириктирүү сунушу караларын билдирди.
Анын айтымында, учурда ШКУга мүчө 10 мамлекеттен тышкары, уюм менен кызматташкан 15 диалог боюнча өнөктөш жана эки байкоочу өлкө бар. Саммиттен кийин бул 17 өлкөнүн баарына ШКУнун өнөктөшү деген бирдиктүү макам ыйгарылат.
Ошондой эле саммиттин алкагында жаңы коркунучтарга каршы аракеттенүү жана баңгизат кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча эки өзүнчө борбор түзүү тууралуу документтерди кабыл алуу пландалууда.
Лавров ШКУдагы өнөктөш жана байкоочу өлкөлөрдүн макамы бирдей болорун билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















