Таласта 165 миллион сомго курулган сейил бак пайдаланууга берилди
Бүгүн, 24-июлда Талас шаарындагы борбордук сейил бак ачылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын президенттик администрациядан билдиришти.
Төрага мамлекет шаарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом бөлгөнүн жана учурда облуста социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуп жатканын белгиледи.
“Бул сейил бак жалпы суммасы 165 миллион сомду түзгөн бюджеттик каражаттын эсебинен курулду. Анда заманбап аттракциондор, жашыл аймактар, жарыктандырылган жөө жүрүүчү жолдор жана шаар тургундары үчүн бардык зарыл шарттар каралган", - деди Адылбек Касымалиев.
Андан соң өкмөт башчысы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















