Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды
Президент Садыр Жапаров 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, айыл чарба, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытайды негизги өнөктөштөрдүн бири катары көрөрүн белгилеп, транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция багытындагы биргелешкен долбоорлор өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Ошондой эле президент Кыргызстанда инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, бардык чет элдик компаниялар, анын ичинде кытайлык ишканалар өлкөнүн мыйзамдарын так сактап, кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын урматтоого тийиш экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Ван И жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жеткирди. Ал Кыргызстандагы реформалар өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө жана калктын бакубаттуулугунун жогорулашына өбөлгө болуп жатканын белгилеп, эки өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, Ван И Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, саясий диалогду кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















