Участкалык милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык унаа тапшырылды (видео)
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде участкалык милициянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 102 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.
ИИМдин маалыматына ылайык, автоунаалар президенттин колдоосу менен милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоону күчөтүү максатында берилди.
Белгиленгендей, жаңы техникалар кызматкерлерге окуя болгон жерге тез жетүүгө, профилактикалык иштерди күчөтүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртууга жардам берет. Унааларды тапшыруу аземи Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 102 жылдыгынын алдында уюштурулду.
Участкалык милиция кызматкерлерине 102 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2026-07-24
14:35
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















