Дүйнө чемпиондугунда таанылган дарбазачы Возинья жаңы клубга өтөт
Кабо-Верде улуттук курама командасынын дарбазачысы Возинья Чилинин эң белгилүү клубдарынын бири болгон "Коло-Коло" менен келишим түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, тараптар оозеки макулдашууга жетишкен. Эми документтерге кол коюлуп, андан соң 40 жаштагы дарбазачы медициналык кароодон өтөт.
Буга чейин Возиньяга АКШнын "Интер Майами" клубу да кызыгып жаткан. Анда аргентиналык жылдыз Лионель Месси ойнойт.
Белгилей кетсек, Возинья 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда төрт оюн өткөрүп, экөөндө өз дарбазасына бир да топ киргизген эмес. Кабо-Верде курама командасы тарыхында алгачкы жолу дүйнө биринчилигине катышып, 1/16 финалда Аргентинага 2:3 эсебинде жеңилип калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2026-07-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















