Деңизде 1001 күн (бакыт байлыкта эмес экенин чагылдырган сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Бирок Бекзат үч күндүн ичинде баарын таап чыккан. Ошол эле күнү алар жумуштан бошотулган. Таасирдүү адамдар болгондугуна карабай. “Эреже баарына бирдей” деп гана айткан Бекзат. Ошондон кийин кызматкерлер анын көз карашынан эле коркуп калышкан. Кеңседе анын жашыруун лакап аты дагы бар эле. “Робот”. Анткени эч ким анын чарчаганын көргөн эмес. Эч ким анын эмоциясын түшүнгөн эмес. Эч ким анын жумуштан кечиккенин көргөн эмес. Саат сегиздеги жыйынбы? Ал жети элүүдө ошол жерде болмок. Түнкү он бирдеги сүйлөшүүбү? Ал дагы даяр болмок. Кээде кызматкерлер өз ара тамашалашчу:
— Бекзат мырза уктабайт окшойт.
— Балким, батарейка менен иштейт.
— Же жашыруун заводдон чыгарылган...
Бирок мындай тамашаларды эч ким анын көзүнчө айтчу эмес. Анын кабинети дагы өзүнө окшош болчу. Таза. Тыкан. Ар бир документ өз ордунда. Ар бир нерсе эсеп менен коюлган. Ал баш аламандыкты жаман көрчү. Убакытты текке кетирүүнү жаман көрчү. Шылтоону жаман көрчү. Бирок эң кызыгы... Ал адамдардан дагы алысыраак болчу. Жашоосунда ондогон кыздар анын көңүлүн бурууга аракет кылышкан. Байлыгы үчүн. Келбети үчүн. Фамилиясы үчүн. Бирок бирөө дагы анын жүрөгүн жибите алган эмес. Бир жолу Самаган тамашалаган:
— Агатай, сен сүйүү деген нерсени билесиңби?
— Билем.
— Кандай?
— Убакытты текке кетирчү сезим.
Ошондо Самаган каткырып күлгөн. Бирок Бекзат олуттуу болчу. Чындап эле ошондой ойлочу. Анткени ал үчүн сүйүүдөн маанилүүрөөк нерселер көп эле. Үй-бүлө. Жоопкерчилик. Компания. Милдет. Ал жүрөгүнүн ордуна тартип орнотуп алган адам болчу. Ошондуктан хан сарайдагылар анын өзгөргөнүн биринчи байкашты. Тинатин келгенден кийин.
xxx
Бекзат мурдагыдай эле олуттуу. Мурдагыдай эле так. Мурдагыдай эле жоопкерчиликтүү. Бирок кээде... Жылмайып калчу. Кээде ойго чөмүлүп кетчү. Кээде терезеден бирөөнү издеп карап калчу. Жана бул эң коркунучтуу белги эле. Анткени адамдар Бекзат Исаевден коркушчу. Бирок бирөөнү сүйүп калган Бекзат кандай адам болорун эч ким билчү эмес. Анын өзү дагы. Ал эми дал ушул нерсе тагдырды кызыктуу кылат. Кээде бүт өмүрүңдү эрежелер менен өткөрөсүң. Баарын көзөмөлдөйм деп ойлойсуң. Бирок бир күнү бир адам келет. Анан сен курган бардык дубалдар акырындык менен урай баштайт. Бекзат азырынча муну түшүнө элек болчу. Бирок анын жүрөгү биринчи жолу акылына баш ийбей баштаган эле Бекзат Исаев жөн гана талапчыл адам эмес эле. Ал тартиптин өзү болчу. Компаниядагы кызматкерлердин арасында бир тамашалуу сөз бар эле: “Бекзат мырза чаңды көрбөйт, чаң өзү аны көрүп качат”.
Бирок бул тамашада чындык бар болчу. Ар күнү таңкы саат төрттө тазалоочу кызматкерлер ишке киришчү. Анткени саат жетиде Бекзат жумушка келчү. Так жетиде. Жети нөл-нөл. Бир мүнөт эрте эмес. Бир мүнөт кеч эмес. Эгер саат жетиде анын кара түстөгү унаасы компаниянын алдына токтосо, бүт имараттагы адамдар өз ордунда болушу керек эле. Ал келгенде биринчи кабинетине кирчү эмес. Алгач бүт имаратты кыдырып чыкчу. Кабаттарды. Бөлүмдөрдү. Жыйын залдарын. Ар бир бурчту. Кээде кызматкерлер анын артынан шыбырашчу:
— Аудитор келди...
— Жок. Андан дагы коркунучтуу.
Бир жолу жаңы кызматкер столдун үстүнө кофе төгүп алды. Эртеси күнү эртең менен Бекзат ошол жерден өтүп бара жатып токтоп калды.
— Бул эмне?
— Кечээ кокусунан болуп кеткен эле...
— Кокусунан болгон нерсе тазаланбай калууга себеп эмес.
Ошол сөздөн кийин бүт бөлүм бир жума бою өзүнчө аскердик тартипте иштеген. Бекзат майда-чүйдө нерселерге абдан көңүл бурчу. Анын ою боюнча чоң каталар дайыма майда шалаакылыктан башталат. Ошондуктан ал адамдардын кийимине чейин байкачу. Документтеги үтүргө чейин байкачу. Жыйынга кечигүүнү кечирчү эмес. “Убакытты сыйлабаган адам, адамды дагы сыйлабайт”.
Бул анын сүйүктүү сөздөрүнүн бири эле. Ал эми анын өзү... Ар дайым идеалдуу көрүнчү. Кара же кочкул көк костюм. Аппак көйнөк. Тыкан байланган галстук. Жалтырап турган бут кийим. Кээде кыздар анын жанынан өткөндө өздөрүнүн кийимин карап алышчу. Анткени Бекзаттын кийиминен бир да бырыш көрүнчү эмес. Бир да чаң көрүнчү эмес. Мелек бир жолу Тинатинге шыбырап айткан:
— Менимче, Бекзат мырза эртең менен күзгүгө эмес, музейге даярданат.
Хикмет ага дароо жооп берген:
— Жок, кызым. Музейдеги экспонаттар дагы мынчалык тыкан болбойт.
Ошондо ашканада отургандардын баары күлүп жиберген. Бирок күлкүнүн артында дагы бир чындык бар эле. Бекзаттын ушунчалык тыкан, муздак жана тартиптүү болуп калышы жөн жерден эмес болчу. Ал бала кезинен бери жоопкерчиликти көтөрүп чоңойгон. Самаган жаңылыштык кетирсе — Бекзат оңдочу. Компанияда маселе чыкса — Бекзат чеччү. Үйдө көйгөй болсо — Бекзат моюнга алчу. Ошондуктан ал сезимдерден мурда тартипти үйрөнгөн. Кыялдануудан мурда милдетти үйрөнгөн. Сүйүүдөн мурда жоопкерчиликти үйрөнгөн. Балким, ошол себептен Тинатин аны түшүнө албай жүргөн. Сыртынан караганда ал адамдын жүрөгү жоктой көрүнчү. Бирок чындыгында анын деле сезимдери бар эле. Болгону анын жүрөгү көп жылдан бери бекем эшиктердин артына камалып калган. Жана ал эшиктерди ачууга буга чейин эч кимдин күчү жеткен эмес... Балким, биринчи жолу ошол эшиктин кулпусун акырын жылдырган адам Тинатин болуп жаткандыр...
xxx
Стамбул. Түштөн кийинки убакыт. Деңиз жээгиндеги көчөлөр адамдарга толгон. Кафелер. Китеп саткан дүкөндөр. Көчө музыканттары. Чайканалар. Ар ким өз дүйнөсү менен алек. Тинатин борбордогу жумушунан кийин жалгыз сейилдеп жүргөн. Акыркы күндөрү анын башында өтө көп ойлор бар эле. Эмирдин элеси. Хан сарай. Бекзат. Бул үй-бүлөнүн сырдуу атмосферасы. Ошондуктан ал шаарды аралап, бир аз өзүн тынчтандыргысы келген. Ошол учурда шаардын башка тарабында Самаган мотоцикли менен көчөлөрдү аралап жүргөн. Ал дайыма эркин кийинчү. Кээде жөнөкөй ак футболка. Кээде кара куртка. Жыртык джинсы шым. Кымбат саат. Бирок эч качан Бекзаттай костюм кийчү эмес. Самаган үчүн жашоо эркин болуш керек эле. Бекзат эрежелер менен жашаса, Самаган эрежелерден качып жашачу. Ал мотоциклин жээктеги аянтка токтотту. Шлемин чечти. Чачын артка серпти. Ошол учурда анын көзү күтүүсүздөн бирөөгө түштү. Тинатин. Ал көчөдө сүрөтчүлөрдүн эмгектерин карап жүргөн экен. Шамал чачын акырын терметип жатты. Самаган өзүнчө жылмайып койду.
— Кызык...
Ал түшүнгөн жок. Эмнеге бул кызды көргөн сайын көзү токтоп калат? Ошол учурда көчөдөгү кичинекей бала чуркап бара жатып Тинатинге кокустан урунуп кетти. Кыздын колундагы китептер жерге чачылып калды.
— Кечиресиз - деди бала.
Тинатин эңкейип китептерди жыйнай баштады. Бирок ошол учурда дагы бирөө эңкейди. Экөө бир эле китепти кармап калышты. Тинатин башын көтөрдү.
— Сенби?
Самаган жылмайып турду.
Уландысы шилтемеде.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















