super.kg logo

 Улукбек Карыбек уулу: "Аскерлер жаңы батирлүү болмоюнча көзөмөлдө болот"  

 

Бүгүн, 27-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнүн 20 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышып, мекен сакчыларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат өз сөзүндө Абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылган ишенимдүү калкан экенин белгилеп, акыркы жылдары мамлекет тарабынан аскер кызматкерлеринин социалдык жана кызматтык шарттарын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканын айтты.

Ошондой эле эл өкүлү аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө токтолду. Анын айтымында, мекен коргоочулар жана алардын үй-бүлөлөрү мамлекеттин камкордугун сезиши керек.

Улукбек Карыбек уулу "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамда каралган турак жай менен камсыз кылуу талаптары аткарылышы зарыл экенин белгилеп, аскер кызматкерлери жаңы батирлерге ээ болгонго чейин бул маселе депутаттык көзөмөлдө болорун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: