Бүгүн айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Бүгүн, 28-июлда өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда +31...+36°;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39°;
- Талас облусунда +29...+34°;
- Ысык-Көл облусунда +24...+29°;
- Нарын облусунда +27...+32° болот.
Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы +33...+35° болушу күтүлөт.
Ошондой эле батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күндүз айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетери маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















