"Шарттардын түзүлүп жатканы маанилүү..." "Талас Арена" стадиону пайдаланууга берилди (видео)
Бүгүн, 2-ноябрда Талас шаарында "Талас Арена" стадионунун ачылыш аземи өтүп жатат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.
Президент жаңы аренанын аймактарда футболду өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилеп, стадион жаш спортчулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө кызмат кылышы керектигин айтты.
"Стадион жөн гана объект бойдон калбастан, таланттуу спортчуларды тарбиялаган жайга айланышы керек. Таланттардын кайсы жерде жашаганы маанилүү эмес, аларга кандай шарттар түзүлүп жатканы маанилүү",- деди өлкө башчысы.
Стадиондун негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, анын айланасында чуркоо жолдору курулган. Ошондой эле стадионго караштуу аймакта жасалма чөп төшөлгөн машыгуу талаасы, үч кичи оюн аянтчалары, воркаут жана фудкорт аянтчалары жайгашкан.
Комплекстин аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жай курулган. Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана функционалдык бөлмөлөр, жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал жана административдик бөлмөлөр, фитнесс-залы орун алды.
Мындан тышкары, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, телеберүү адистери жана беттештин расмий өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, VAR системин орнотууга бардык шарттар түзүлдү.
Белгилей кетсек, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион "Азия" футбол клубуна өткөрүлүп берилди. Учурда анда "Талант" жана "Азия" футбол клубдарынын беттеши өтүп жатат.
"Талас Арена" стадиону пайдаланууга берилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео






















