super.kg logo

Трамп: "АКШ Иранга каршы күчтүү аскердик операцияга даяр"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран боюнча үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жыйынтык бербей калса, Вашингтон "өтө күчтүү аскердик операцияга" даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, АКШ сүйлөшүүлөргө дагы бир мүмкүнчүлүк берүү үчүн Иранга карата чабуулдарды убактылуу токтоткон.

"Иранга тиешеси бар адамдардын баары мага: "Ок атпаңыз", – дешти. Биз Иран менен өтө олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгер алар ийгиликсиз болсо, биз абдан күчтүү аскердик аракеттерге кайтып келебиз", – деген Трамп.

Журналисттер дипломатиялык аракеттерге канча убакыт берерин сураганда, ал: "Өтө көп эмес. Же иш тез жүрөт, же такыр жүрбөйт", – деп жооп берген.

24-июлда Омандын делегациясы Ормуз кысыгындагы кеме каттамын жөнгө салуу механизмин талкуулоо үчүн Тегеранга барган. Иран тарап сүйлөшүүлөрдө белгилүү бир жылыш болгонун билдиргени менен, азырынча тараптар акыркы келишимге келе элек.

Буга чейин The New York Times басылмасы Трамп Жакынкы Чыгыштагы абадан коргонуу системаларынын ок-дарылары, анын ичинде Patriot ракеталарынын запасы азайып жатканына байланыштуу Иранга каршы аскердик кампанияны кеңейтүү планын кийинкиге жылдырганын жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: