Кыргызстандык дыйкандарга 81 сомдон 7 миллион литр дизель майы бөлүндү
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында өлкө боюнча 1 литри 81 сомдон болгон 7 миллион литр дизелдик май бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.Маалымдалгандай, учурда жалпы 2 миллион 744 миң 600 литр дизелдик май айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө берилди. Анын ичинен;
- Ош облусуна - 572 миң 250 литр;
- Ысык-Көл облусуна - 596 миң 850 литр;
- Нарын облусуна - 746 миң 600 литр;
- Жалал-Абад облусуна - 359 миң 550 литр;
- Чүй облусуна - 236 миң 300 литр;
- Баткен облусуна - 189 миң 350 литр;
- Талас облусуна - 43 миң 700 литр бөлүштүрүлдү.
Учурда жеңилдетилген баада бөлүнгөн дизелдик майдын калган көлөмү 4 миллион 255 миң 400 литрди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:00
2026-07-31
16:33
2026-07-31
13:44
2026-07-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















