Apple эки аккумуляторлуу бүктөлүүчү iPhone чыгарышы мүмкүн
Apple компаниясы эки аккумулятор менен жабдылган жаңы смартфонду иштеп чыгып жатканы маалым болду.
Macworld басылмасынын жазганына караганда, iOS 27 операциялык тутумунун бета-версиясынын кодунда эки батареясы бар iPhone тууралуу маалымат табылган. Андагы билдирүүлөрдө "бул iPhone'дун аккумуляторлору" деген сөздөр көптүк түрдө колдонулган.
Басылманын божомолунда, кеп бүктөлүүчү iPhone Ultra тууралуу болуп жатат. Анда смартфондун эки бөлүгүнө өзүнчө аккумулятор орнотулары, ошондой эле алардын ар бирин өз-өзүнчө оңдоого же алмаштырууга мүмкүн болору айтылат.
Маалыматка ылайык, iPhone Ultra смартфону 2026-жылдын күз айларында тааныштырылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:05
2026-07-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















