Иран АКШнын сүйлөшүүлөрдөгү сунушун четке какты
Бүгүн, 28-июлда Иран АКШнын сүйлөшүүлөрдө сунуштаган планын ашыкча талаптардан улам четке какканы белгилүү болду. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади билдиргенин чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жазышты.
"Америкалык тарап бул план четке кагылса, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз деп эсептелерин жана алар сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетерин билдирди. Акыры так ошондой болду, америкалык делегация сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетти",- деди Гарибабади.
Ал Иран тарап сүйлөшүүлөрдү улантууну талап кылбаганын жана мындай мамиле "Ирандын татыктуу дипломатиясы" экенин билдирген.
Гарибабадинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр Иран Ормуз кысыгын кайра жапкандан кийин Оманда өткөн. АКШ тарап Иран менен Омандын сүйлөшүүлөрү аяктаганга чейин түштүктөгү альтернативдүү маршрут ачык бойдон калышын талап кылган. Бирок Иран бул сунушту кабыл алган эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















